Депутат: «Маркумдун көрүн казгандарга, жуугандарга деп сый акы бергенди токтотуу керек»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

28-февралда той-аш өткөрүүнү тартипке келтирүүгө багытталган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Депутат Айбек Маткеримов маркумду жуугандарга деп сый акы бергенди токтотуу керектигин айтты. «Маркумдун көрүн казгандарга, жуугандарга сый акылар берилип жатат. Ошолордун баарын токтотуу керек. Бул нерсе кийин алтын берүүгө айланып кетет. Бир жыл бою аза күтүп, кийин ак кийим кийгени тойго айланып кетип жатат. Биздин мындай салтыбыз болгон эмес да. Мунун баарын эске алып туура чечим чыгарабыз», — деди ал.

Аргумент.kg