Депутат Маматалиев: «Доллар же сом кармагандан көрө алтынды кармаса, ал туруктуу болот»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Марлен Маматалиевдинайтымында, биз так түшүнүшүбүз керек. Биринчи кезекте биздин товар жүгүртүү Орусия менен болгонго жана мигранттар ошол өлкөдө болгонуна байланыштуу түздөн-түз экономикабызга таасирин тийгизет. «Бирок мындан да пайда алганга мүмкүнчүлүк бар. Орусия экспорт рублга которулат деди. Бул бизге чоң белги болушу керек», — деди ал.

Ал президенттин ишкерлерге кайрылып, алтын сатып алгыла деген сунушун туура деп эсептейт. «Көпчүлүгү долларды кармап, же сомду кармагандан көрө алтынды кармаса, ал туруктуу болот. Алтын дүйнөлүк баада тура берет. Кымбаттаса кымбаттайт, көп арзандабайт. Негизи эле алтынга өтсөк болот», — деди ал.

Аргумент.kg