Депутат: Кумтөрдө иштегендерге ыраазы болушубуз керек

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 2-февралда өткөн парламент жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кумтөрдө иштегендерге грамота берүүнү сунуштады.

«Жакында депутаттар Кумтөргө барып келдик. Биздин жарандар 5 миң метр бийиктикте, кыйын шартта иштешет экен. Пол жуугучунан баштап, жетекчисине чейин ыраазы болушубуз керек. Кудайга шүгүр, ошол өндүрүштү токтотпой иштеп жаткандарына абдан кубандык. Урматтуу төрага, 31-августта аларды Жогорку Кеңештин грамоталары менен сыйлап койсок деген сунуш берели колдоп берсеңиз», — деди Түлөбаев.

Эске салсак, 30-январда «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишин, алтындын казып алынышын жана сатылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрү Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен биргеликте Ысык-Көл облусундагы Кумтөр кенине барышкан.

Аргумент.kg