Депутат: Кээ бир блогерлер «10-20 миң сом бер» деп дубана эле болуп кетишти

Депутат: Кээ бир блогерлер «10-20 миң сом бер» деп дубана эле болуп кетишти

18-жалган куран, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева
16-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу блогерлер тууралуу маселе көтөрдү.
«Кичинекей кезибизде айылдагы үйүбүзгө дубаналар куржун көтөрүп келчү эле. Журналисттерге сөз тийгизгим келбейт. Кээ бир блогерлер дубана эле болуп калды. 10 миң, 20 миң сом бер деп келишет. Бир маалыматты таап алышып, ушуну чыгарабыз 30-40 миң сом бер деп жатышат. Коомчулукта жаңы өспүрүмдөр өсүп келе жатат. Мындай нерселерди тартипке келтирүү керек», — деди депутат.