Депутат Исхак Масалиев: «Мыйзамсыздыкты токтотууга жардам бериңиздер»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Жарандарга кайрылам, мыйзамсыздыкты токтотууга жардам бериңиздер, эгерде өз пикириңизди өзгөртүүгө аракет кылсаңыз, эртең сиздерге да келишет». Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына жазды.

«Кечээ Кемпир-Абадды куткаруу боюнча комитет түзүлгөн. Бүгүн таң атпай, тинтүүлөр жана кармоолор болуп жатат. Качантан бери ИИМ мындай маселелер менен алектенип калган? Милициядагы кесиптештериме кайылам, бир ууч жарандардын колунда коркутуунун куралына айланбагыла», — деп жазды депутат.

Аргумент.kg