Депутат Фархад Исмаилов жасалма диплому үчүн мандатынан качан ажыратылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

ЖКнын «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархад Исмаиловдун диплому жасалма экендиги далай маселени козгоп турат. Анткени  ал депутатка эч кандай чара көрүлгөн жери жок. Кезегинде бийлик у-дуу кылып жатып жасалма диплом үчүн Орозайым Нарматованы мандатынан ажыратышкан. Ал эми Фархад Исмаиловдун маселеси эч ордунан козголгон жок. Текшерүү да токтоп калды. Фархад Исмаилов өлкө башчысын айга-күнгө теңеп мактап келет. Ташиевге кошомат кылыш үчүн Бакиров менен мушташам деп чыкты.

Айрымдарга окшоп кайсыл окуу жайда окуганын курсташтары ким экенин дагы айта албады. Андан сырткары бир да окуу жай Исмаилов бизден окуган деп билдирбеди.  Мен чогу окудум деген бир да группалаш чыкпады. Демек окубагандыгы далилденген, бирок эч кандай чара көрүлбөй келет.

Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg