Депутат Азыгалиев аркылуу Жапаркулов ИИМдин “майлуу” кызматына келеби?

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Жайыл округунан Нурлан Азыгалиевдин штабын Рыскул Жапаркулов жетектеп, ийгиликке жетиптир. “Жандооч кийик аттырат” дегендей. Мунусу жакшы. Бирок Азыгалиев аркылуу Жапаркулов ИИМдин “майлуу” кызматына барууга ашыкканы айтылууда. Өздүк курам ичинде “Рыскул Жапаркулов ыңгайы келгенде ойт берип, сатып кетет, туруксуз” деген кептердин курчуганы эмнеси? Убагында жектекчилерин, кол алдындагы кызматкерлерин жаман абалга таштаганбы? Айтор, ИИМдеги жактырбагандар бизге чейин коңгуроо кагышууда. Баса, бул полковник Кой-Таш окуясында тымызын Алмазбек Атамбаевге иштеп, максатына жетпей калганбы? Эгерде бийликти кулатышса министр болмок беле? Айтор, артынан айтылган күбүр-шыбыр кептер, интригалар козуп баратат. “Азия Ньюс” гезитине маек берүүгө батынса, эшик ачык…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg