Депутат аты болбосо, дегеле Медербек Саккараев деген немени ким тааныйт?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Биздин айрым депутаттарды көрүп олтуруп балыктар да сүйлөп ийгиси келет, чиркиндики. Тимеле даават угуп аткансып же биринчи класстын мадыра баш баласынан бетер башкаларды кунт коё угуп эле олтура берген депутаттарыбыз арбып баратат. Эсеби маселен, өзү бир мандаттуу округдан депутат болуп келсе дагы кошоматтанып Жогорку Кеӊештеги «Ата Журт Кыргызстан» фракциясына мүчө болуп кирип алган Медербек Саккараев деген депутат бар. Балык эй, кадимки эле тымпыйган балык. Бир жолу да олуттуу маселе көтөргөнүн көрө элекпиз. Маселе көтөрмөк түгүл, ант бергенде экинчи класстын баласынча эжелеп араң окуган. Эл өкүлү болуп эмне максат менен олтурганы белгисиз. Мына ушундай саны бар сапат дегенден түшүнүгү «нөлдөрдүн» айынан мыйзамдарыбыз чала, чийки болуп атпайбы. Саккараевди эл тургай Жогорку Кеӊештеги депутаттардын айрымдарынан сурашса, «аа, ошондой бирөө бар окшойт да»-дешет экен. Бул эмнени айтат? Бул деген Медербек Саккараев деген бир көпөс мамлекеттин маанилүү, күрөө тамыры болгон бутагында ит бекер олтурганын айтат. Болбосо элге керек, мамлекетке зарыл маселелерди көтөрүп, мыйзамдарды иштеп чыкпайбы. Колунан келбейби, анда эл жүгүн жүдөп-какабастан, тыкылдап көтөрүп кете ала тургандарга бербейби? Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп келе жатканда кыргызча антты окуп бере албаган эмеден эмнени күтүп олтурабыз, ыя?

Булак:Де-Факто

Аргумент.kg