Депутат Аманкан Кенжебаев: «Айылдан келген унаалар шаарга пропуск менен киришсин»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Башка аймактан келген унаалар шаарги киргизилбесин. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты  Аманкан Кенжебаев парламенттик жыйында унааларды шаарга киргизбөө сунушун киргизди.

Маалыматта, комитет жыйынында депутат, мэриянын отчетуна ылайык, Бишкекке күнүнө 100 миң унаа кире турганын билдирди. «Эгерде бир айды алсак, анда 3 миллион сырттан унаалар келет. Кирүүгө тыюу салуу, борбордун кире беришинде унаа токтотуучу жайларды жана автобустарды уюштуруу боюнча оюңуз барбы? », — деген суроону Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловго узаткан. «Буга чейин 2 автобекетти шаардын сыртына жылдыруу айтылган. Анын алкагында унаа токтоочу жайларды уюштурууну ойлонуп жатабыз. Албетте, биз шаарга сырттан келген унаалардын баарын токтото албайбыз», — деп жооп кайтарды.
«Мен 3 миллиондун бардыгына тыюу салгыла дегенден алысмын, жумуш үчүн келгендер бар: дарыгерлер, мугалимдер. Бир миллионуна пропуск берип, калган базарга азык-түлүккө, мейманчылыкка келгендерге тыюу салыш керек. Алар шаарга Европадагыдай автобус менен келип кетишсин. Мен шаарда жүргөн машиналарды эсептебейм, силердин отчетуңардан алынган маалыматтарды келтирип жатам. Бир айда 3 миллион машина келсе, жылына 36 миллион машина келет. Тапшырма коюп, чечүү жолдорун издегиле. Балким, башка жолдорун издеп. Тыгын болуп кетти, баса албай калдык. Ошого тыюу салсак болот эле да», — деп унааларды шаардын четине токтотуп маршруттук каттамдар менен келишин билдирди.

Аргумент.kg