Депутат Алишер Козуев Баткенден күйүүчү май аядыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Тажиктердин агрессиялык кол салуусунан кийин Баткенде оор кырдаал түзүлдү. Азык-түлүк, гуманитардык жардамдар барып атты. Көпчүлүк мекенчилдер бул тарабынан камкордук көрүүгө батыл киришкенин байкадык. Баса белгилей турган нерсе: Баткенде согуштан кийин бензин, солярка таңкыстыгы жаралып, көйгөйгө айланганы ырас. Башкасын айтпасак да, 145 миң долларга BMV тепкен, Ошто “Россия Нефть” аттуу заправкалары бар Алишер Козуев битиребей, керек учурда күйүүчү майларды жөнөтпөйт беле? Ушул өңүттөн билгендер талкуулашып, депутаттын сараңдыгына нааразы болушканы бекер жерден эмес го…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg