Депутат Айгүл Айдарова баткендиктердин кыжырын келтирди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

 

Жакында болуп өткөн Баткен облусунда уюштурулган  ЖКнын айым депутаттарынын форуму коомчулуктун социалдык тармактар аркылуу кызуу талкуусун жаратууда. Форумга барган айым депутаттар жергиликтүү айым активисттер менен болгон жолугуушу кеңешмелеринде, балким элге жакын болууну кааладыбы же башка маселе барбы ал жерге барган ЖКнын депутаттары Баткен диалектисинде сүйлөөгө аракет кылышыптыр. Өзгөчө депутат Айгүл Айдарова катуу далалаттанган окшойт. Ал өз сөзүнө “амма, мазза” деген сөздөрдү көбүрөөк кошуп, форумда сүйлөгөн окшойт. Анысы фейсбук аркылуу тарап, баткендиктердин гана эмес, жалпы кыргыз коомчулугунун жинине тийди. Алар Айгүл айымдын сүйлөө манерасын баткендиктерди кемсинтүү жана шылдыңдоо катары кабыл алышууда. Атайы ЖКга тандалып алынган айым депутаттарынын болгон абалы ушулбу?Элдин маселесин көтөрө алабы же албайбы? деп орчундуу маселелерди кабыргасынан коюшууда. Чын эле ЖКга элибиздин арасындагы мыкты, баардык жагынын өнүккөн айымдар тандалып алышы керек да.

Булак: Аргумент.кж

 

 

Аргумент.kg