Депутат Айбек Осмонов: «Казино дебей башка тема менен өткөруп ийдиңер, казиного аягына чейин каршы турам»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ысык-Көл облусуна казинолорду ачуу мыйзамдын долбоору  Жогорку Кеңеште каралып, көпчүлүк депутаттар биринчи окууда жактырышты.
Бирок бул мыйзамга каршы экенин “макул” деп колдогон депутаттар каршы экенин кайрадан билдиришти. Алардын бири депутат Айбек Осмонов: “Бүгүнкү күндө, Жогорку Кеңештин дубалдарында  дагы эки жүздүүлүк бар. Бул мыйзам долбоору бир нече темалардын арасына көмүскө теманын астында сүйрөлүп кетти. Мен жана башка бир катар кесиптештерим бул мыйзам долбооруна каршы болушкан. Ошондуктан, дагы бир жолу чыгарып салалы же добуштарыбызды санабайлы деп сурандык. «Ысык-Көл облусунун аймагындагы адистештирилген административдик аймак, анын ичинде туристтик-көңүл ачуучу комплекс жөнүндө» мыйзам долбоору 1-2-3-окуудан өтпөшү үчүн мен бардык күч-аракетимди жумшайм «, — дейт Осмонов.

Булак:argument.kg

Аргумент.kg