Депутат Айбек Осмонов аймактык диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөсүн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуу трибунага чыккандан кийин депутат аймактык диалектиде эмес, адабий тилде сүйлөшү шарт. Бул эми жазылбаган мыйзам катары каралат. Тилекке каршы, Айбек Осмонов арзыбаган нерселерди трибунадан көтөрүп чыгып, анысы аз келгенсип, адабий тилде так сүйлөй албайт, тилин чайнап. Кичине өсүп, эки жагын карап, үйрөнсө болбойбу? Негизи Кыргызстандын булуң-бурчунда түрдүү диалектилер бар. Анын баарын жогорку трибунага алып чыгып, кокту-колоттун деңгээлинде эле чаргыта берүү акылга сыйбайт го? Жогорку алкактагы эрежени, этиканы сактоо парз! Эң башкысы, кыргыз элинин маңыздуулугуна шек келтирбей, адабий тилде так сүйлөш керек. Депутат ушул жагын эске алсын, болбосо унчукпай эле отурсун. Азырынча ушундай. Ал эми Айбек Осмоновдун кантип күңүрт иштерге аралашканы боюнча алдыда сөз кылабыз…

Булак: «Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg