Ден соолугумдан улам төрөй албай калдым, куйөөм уул төрөбөсөн кет дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарынын тургуну Мира (аты өзгөрүлүп берилди) жолдошунун тандоосуна кабылганын айтып, кийинки жашоосу бүдөмүк экенин айтып жардам сурады. Буга чейин жолдошу экөөнүн ортосунда бир кызы бар. Бул айымдын жазган катын өзгөртүүсүз берүүнү туура көрдүк. “Жолдошум 28 жашта. Жашообуз жакшы. Ортобузда бир кызыбыз бар. Кызым боюмда барда оор көтөрүп бир топ кыйналдым. Өнөкөт болгон ооруларымдын баары козголду. Дарыгерлер төрөөгө уруксат да беришкен эмес. Эми кыргызбыз да болбой көгөрүп жүрүп ден соолугу чың кыздуу болдум. Бала менен алышып ооруканага да бара алган эмесмин. Кызым бешке чыгып калды. Жолдошум бир кыз менен эле отура бермек белең төрөбөйсүңбү? Деп баштады. Кийинки баламды пландоого аракет кылып ооруканага барсам анализдеримдин жыйынтыгы менен мен төрөбөйт экем. Эгерде төрөй тургам болсом майып болуп калуу коркунучу бар деди. Жолдошума айтсам ал уулду болушу керектигин айтып: “ доктурдун айтканына ишенбей төрө же сен балалуу болууну каалабай жатасыңбы?”-деп мени кыжаалат кыла берчү болду. Ал эми анын туугандары болсо “Төрөбөгөн аялды эмне кыласың бир кызды карап отурмак белең башка аял ал ”- деп ого бетер отко май чачып жатышат. Эки жума мурун жолдошум: “Эркек төрөп бересиң же кызыңды алып кетесиң”-деп тандоо койду. Эгерде мен экинчи баланы пландасам ал уул же кыз болобу белгисиз бирок, майып болуп калышым мүмкүн. Азыр эки анжы ойдо турам. Же ден соолугумду карабай төрөшүм керек же ажырашып кызымдын маңдайында жашашым. Кызымды ата мээриминен ажыратышым керек. Мага кеңеш берип койгулачы? Эмне кылышым керек? ”
Мира. Бишкек шаары

Аргумент.kg