«Демократиячыл» деп аталган бир ууч топтун камакка алынышы өлкөнүн тынчтыгы үчүн пайдалуу

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыр коомчулукка жарыя болуп жаткан камакк алууларды элдин маанайын бузган бир ууч бузукулар деп атоого аргасызбыз. Эми алардын ар бирине токтолуп отуруунун менимче кажети деле жок деп ойлойм. Рита Карасартова сап башында турган бул демократиячыл деп аталган топтун бир да жакшылыктуу ишин, же Кыргыз Республикасы үчүн пайдалуу кадамын айта албайбыз. Дайыма кыйын кезеңде өлкөдөгү абалды ого бешбетер курчутууга алек болушат. Мисалы, Бектур Асанов катышкан ошол өлкөнүн оош кыйыш кездерде керек болсо Кыргызстандын тагдыры таразага түшүп калган. Улут аралык касташуу, кан күйгөн согуш болгон учурда бийликке жетем деп буту күйгөн тооктой чуркап жүргөн.
Кыскасын айтканда буларды Кемпир Абат суу сактагычы кызыктырбайт чындыгында, көздөгөндөрү таптакыр башка нерсе. Болбосо суу сактагычтын чегара тилкесинин чечилбей турушу өлкө үчүн кандай кооптуу экендигин билишсе болмок. Айтор билишсе да ушинтип жатышабы белгисиз. Булардын камакка алынышы өлкө үчүн максатка ылайыктуу болот.

Рай Керки

Аргумент.kg