Дастан: “Жаш кыздын боюна бүтүрүп,Россияга качып кеттим”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дастан Назикти көргөндө эле көзү түшүп калды.Назик ошол кезде узуун чачтарын жайып алып жакшынакай кызгылтым көйнөгүн кийип өзү окуган коллежин көздөй шашыла басып кетип баратты.Дастан бараткан жолунан дароо бурулуп Назиктин артынан түштү.Оңдой берди болуп Назиктин сумкасындагы дептерлеринин бири жерге түшүп кетти.Дастан шап жетип барып дептерди колуна алып Назике бере койду.
Дастан менен Назиктин таанышуусу ошентип башталды…
Назик ал учурда экинчи курста окуп жүргөн.Үч айдан кийин 19 жашка толмок.Ал эми Дастан болсо 27 чыккан.22 жашында үйлөнүп бир балалуу болгондон кийин, үч жылдан соң ашырашып кеткен.Андан бери бир нече жыл өттү.Балам экен деп кайрылып барып жардамдашкан да жок.Анда-санда Москвага барып акча таап келет.Кээдэ Бишкекте иштеп калат.Анан дагы социалдык тармак деген бар эмеспи.Кооз сөздөрдү жазып,таанышуу бөлүмүнө салып жиберет.Өңдүү- түстүү болгондуктан кыздар анын кайырмагына бат эле илинет.Анан эки-үч айча жыргап алгандан кийин ал кыздардан бат эле кутулат.Бирок Назикчелик ага эч ким жаккан эмес.
Мурдагы тажрыйбасына таянып,калпты-чынды укмуш келиштире сүйлөп Назикти акырындап өзүнө тартып жатты.Дароо эле тийишип,кармалап-сармалап тийбестен маданияттулугун көрсөтүп сыпаа болду.Ошентип арадан бир жарым ай өткөндө экөө үйлөнүү тууралуу чечимге келишти.Андан туура он чакты күн өткөндөн кийин Дастан Назикке абдан жакындашуу аракетин кылды.Назик анын адамгерчилигине,өзгөчө махабатына катуу ишенип алгандыктан көп деле каршылык көрсөткөн  жери жок.
Арадан дагы бир жарым ай өттү.Дастан “Мен үйлөнүүгө акча камдап келейин”-деген сөздү айтып, Москвага учуп кетти.Эки күндөн кийин телефон чалып: “Ушул менин номерим”-деп айтты.Бирок эки күн чалган жок.Назик өзү чалса бир аял алып: “Ал менин телефонумдан чалган,суранганынан бергем,эми чалба аныңды тааныбайм”-деди.Назик эси ооп жалдырап туруп калды.
Дагы эки айдан кийин бир күнү эле тамак иче албай окшуп,кусуп калды.Курбусу анын боюнда болуп калганын билдирди.Ошондон бери Назиктин жашоосу тозокко айланды.Эмне кылаарын билбейт.Башы маң
Аргумент.кж

Аргумент.kg