Дастан Бекешов: “Экс-президенттин кол тийбестиги калат, аны эч ким ала албайт”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

— Дастан Далабаевич, юриспруденциянын тилинде “мыйзам артка иштебейт” деген түшүнүк бар. А сиз болсо “экс-президенттерге кепилдик маселесинде мыйзам артка иштесин” деп жатасыз. Ушул туура болобу?

— 2019-жылы Конституциялык палата ушул маселени караган, экс-президенттердин макамы боюнча. Конституциялык палата карап, “мыйзам артка иштесе боло берет” деген. Ырас, ошондо “боло берет” дегенден кийин азыр да боло берет.

— Анда жаман адат пайда болуп, бул нерсени улам кийинки келген президент мурдагылардан өч алыш үчүн эле пайдалана бербейби?

— Жок. Эч ким өч албашы керек. Бул жерде маселе мындай: экс-президенттин статусу сакталат, аны эч ким ала албайт. Кол тийбестик калат, бирок мамлекеттин эсебинен каржылоо азаят. Мамлекеттик күзөт, айлыктары каралышы керек. Алар резиденцияда жашап атышпайбы. Жашаганы үчүн өздөрү төлөшү кажет. Ал эми кол тийбестиги калат.

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg