Дастан Бекешев: Өзү «мен коррупционермин» деп айтып жатса, депутаттар коргоп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин кезктеги жыйыны өтүүдө. Анын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев Башкы прокуратурага жана президенттин парламенттеги өкүлүнө кайрылып өттү.
«1 ай мурда УКМК 4 баланын энесин кармаган, коррупционер деп. Мен Жылдыз Чодубаева жөнүндө айтып жатам. Кечээ анын апасы келген. Күрөө төлөгөнгө акчабыз жок дейт. Күйөөсү болсо айдоочу экен. Ушуну өлкөдөн чыкпоо жөнүндө тил кат менен же үй камагына чыгарса туура болмок.
Мен коррупцияга каршы күрөшүү саясатын түшүнбөй калдым. Акчасы бар кишилер үйдө, жеке менчик клиникада жатышат. Бийликке каршы митинг уюштуруп, ошол жерде биздин коллегалар жүрөт. Президенттин саясатын мактап, элге барып башка маалымат берип жатышат. Өзү «мен коррупционермин» деп айтып жатса, булар бийликке каршы чыгып жатышат. Түшүнбөй калдым таптакыр. Бийлик менен мамилеси жакшы, ошол эле маалда коррупционерди коргоп, элге башка маалыматты берип жатышат. Бул туура эмес.
Жылдыз Чодубаева акталабы же акталбайбы, аны сот чечет», — деди Бекешев.
 

Аргумент.kg