Дастан Бекешев :»Бирөөнүн керебетин алсыздар гана аңдыйт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев фейсбукта тарап кеткен уят видео боюнча баракчасына өз пикирин жазды. Анда бирөөнүн төшөгүн аңдып, аны жарыялоо адамдык пастык экенин билдирген.
«Бактылуу адамдар сүйүү менен алектенишет, ал эми ушундай видеолорду монтаждап, элге ачыктагандары акмакчылык.
Өкүнүчтүү акылы кем адамдар түшүнө бербей кыздын ата энесине чейин талкуулап жатышат. Өзүңөрдүн Бактыга менен алектенип, тиешеси жок нерсеге тумшугуңарды тыкпагыла. Эсиңерде болсун баарыңар сүйүү менен алектенесиңер: биздин президент, УКМКнын төрагасы, шахтёр, дарыгер, мугалим, пенсионер айтор баарысы. Бирок баардык эле бийлик өзүнүн жаранынын кере бетинен алдына камера коюп мындай пастык кылбайт. Мындай пастык биздин алсыз бийликтин колунан келет»- деп жазган.

Аргумент.kg