Дароо жерге берип коюшкан…8-класстын окуучусу өз жанын кыйган окуя боюнча милициянын маалыматы

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ноокаттагы өз жанын кыйган кыз боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.

24-апрель күнү Ноокат шаардык милиция бөлүмүнө милициянын аймактык тескөөчүсү ыкчам маалымат алып, бул боюнча билдирүү менен кайрылган. Анда 4-апрель күнү Ноокат районунун Мирмахмудов айыл аймагынын Арал айылынын тургуну 2009-жылы төрөлгөн окуучу өз үйүндө жипке асынып, каза болгондугун билдирген.

Жогорудагы маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук китебине катталып, төмөндөгүлөр аныкталган. Маркум 2009-жылы туулган, Ноокат районунун Мирмахудов айыл аймагына караштуу Арал айылында туулуп-өскөн. Бүгүнкү күндө ата-энеси менен чогуу жашап жаткан. Райондун аймагындагы мектептердин биринде 8-класстын окуучусу. Окуя болгон күнү кырсык боюнча жакындары тийиштүү мамлекеттик органдарга билдирген эмес. Маркумдун жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк болгон жок, себеби ата-энеси жана туугандары тиешелүү мекемелерге маалыматтарды бербей, 4-апрель күнү каза болгон маркумду жерге берип койгондугу аныкталды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg