Данияр: Үйлөнгөндөн бир саат өтпөй ажыраштым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмуштун тамашасы күтүүсүз келет экен. Эки жыл сүйлөшүп, баш кошкон колуктум менен бир саат аралыгында ажыраштым. Үй-бүлөлүк жашоом бир сааттык болду.

Айнагүл мени менен бирге иштеген жашоого тың кыздардын бири эле. Эки жылдын аралыгында ансыз жашоом жоктой сезим менен жашадым. Эки тарап сүйлөшүп бир жерден той  өткөрүп, нике күбөлүгүн да ошол жерден алууну туура көрдүк.  Ошентип биз күткөн той башталды. Эки тараптан келгенер биздин бактыбызга суктанып отурушту. ЗАГС кызматкери келип бизге нике күбөлгүнун тойго келген адамдардын көз алдында колубузга тапшырып, акыры нике шакегин да колубузга салдык.  Каалоо тилектер айтылып бүтуп тойдун шааниси келер менен сырттан келген бир аял тамаданын колунан микрофонду жулуп алды.

«Шерменде, сен менин балдарымдысыздатып, күйөөмду тартып алып, жети жыл мите куртай соруп болушунча байлык токтоп алып эми бактылуу блом деп жатасынбы? Сен бир гана менин күйөөмдүн эмес мага окшогон далай аялдын көз жашын аябай  акчалуу күйөөлөрун тартып алгансын? Эми аппак болуп күйөөгө тийип жатасыңбы»-деп колуна тутамдап кармап турган сурөттөрдү биздин бетибизге чачып ийди. Бул көз ирмемде болду. Эч ким ал аялдын оозун басууга үлгурбөдү. Тамада бозала болуп туруп калды. Алдыма кулаган сурөттө Айнагүл жарым жылаңач болуп улгайган эркекти кучактап мени жылмая карап турду. Айнагүлдүн апасы менен атасы сыртка чыгып кетти. Ошентип тоюбуз токтоду. Келгендер акырындап чубалып сыртка чыгып кетип жатты. Күйөө жолдош болгон досумдан унаанын ачкычын алдым да чыгып кеттим. Айнагул бозала болгон бойдон отурган боюнча кала берди. Мени менен кошо чыккан досум унааны өзү айдап шаардын сыртына чыгып кеттик. Ал жерде беш кун ичип жаттым. Алтынчы күнү апамдын телефон чалуусунан улам шаарга түштүм. Эл алдында апамдын алдында сынып турдум.  Бактылуу болом деген үлпөт тоюм бир саатка гана созулду. Айнагул болсо ЗАГСка арыз таштап Түркияга учуп кетиптир. Ошентип ажыраштым.

Аргумент.kg