ДАНИЭЛЬ АЖИЕВ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КОЛДОНГОНУ БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жалпы кыргызды оозго алгыс сөздөр менен тилдеген видеосу таркаган Даниэл Ажиев Ички иштер министрлигине жеткирилип 2 күнгө камакка алынды. Бул тууралуу редакцияга өздүк булактар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Даниэл Ажиев абакка киргизилгенден кийин бир нече анализдерди тапшырган. Анын жыйынтыгы менен баңгизатын колдонуп жүргөнү белгилүү болгон. Ал кыргыз элинин беделине шек келтирип, уят сөздөр менен сөгүнгөн билдирүүсү үчүн жана өзү аталган видеодо айткан бир нече кылмыштары боюнча териштирүү иштери башталган.

Эскерте кетсек, буга чейин Даниэл Ажиев коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам элге азык түлүк таратып жаткан видеосун жарыялаган. Андан кийин ага мурда интернет аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн кыздарды иштеткенсин, сага эмне жок деген сындуу ачуу сөздөр айтыла баштаган. (Бир эки жыл мурун Даниэл Ажиев интернет аркылуу интим кызматын көрсөткөн кыздарды иштетип кармалганы чын. Бул жаңылык баардык ЖМКларга чыккан.)

Бул сындар айтыла баштаганда эле кыргыздар баарың келесоосуң деген сындуу оозго алгыс сөздөр менен тилдеп Ажиев социалддык баракчасы аркылуу түз эфирге чыккан. Ал видео интернетке желдей тарап, аны баңгизатын колдонгон же мас абалында деген да сөздөр айтылып жаткан болчу.

Мындан сырткары ал коронавируска каршы күрөшүү фондунун эсебине 7 млн сом бөлөрүн айткан, бирок которгону же которбогону али белгисиз

Булак: МедиаЦентр.кж

Аргумент.kg