Данияр Амангелдиев: «Доллар дефицити болбойт»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Доллардын курсу күн санап көтөрүлгөнү эл арасында доллар дефицит болушу мүмкүн деген кабатырлануулар бар. Буга жооп катары Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев бүгүн, 26-февралда өткөн маалымат жыйынында билдирүү жасалды.

Анда министр  доллардын курсун рынок толук өзү тейлей турганын,  коңшу Казакстан жана Россия республиканын соода өнөктөшү болгондуктан кандайдыр бир деңгээлде андан да көз каранды экенин ачык баяндаган.

«Эгерде өлкөдө доллар кескин түрдө көтөрүлүп кетсе, Улуттук банктын 6 айлык резервдери экспорт-импорт операцияларын толук  жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк берет. Улуттук банк соңку интервенция менен чыгып, болгону 13 млн доллар сатканда рынок толгонун көрсөттү. Керек болсо Улуттук банк 80-100 млн. долларлык интервенция менен чыгууга даяр эле», — деп билдирет Амангелдиев.

Аргумент.kg