Даниел Ажиевдин атынан жети облуска азык-түлүк таратылат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда коронавирус илдети дүйнөнү каптап, дүрбөтүп турган чагы. Бул илдет биздин өлкөгө да жетип келди. Анын алкагында бийлик тарабынан карапайым калктын саламаттыгын сактоого ыкчам аракеттер көрүлүп жатат. Учурда бул илдетке байланыштуу карантин болуп, колунда барлар тамак-аштарын камдап алып үйүндө жатышат. Бирок беш кол тең эмес демекчи, карапайым калк арасында тамак-ашын даярдоого шарты жок, ачка жаткан үй-бүлөлөрдүн көп экенин кайда катабыз? Буга байланыштуу колунда бар ишкерлердин айрым катмары мамлекеттин эсебине, элибизге жардам болсун деп акча каражаттарын которуп жатса, кээ бирлери региондорду кыдырып, колунда жок үй-бүлөлөргө акчалай түрдө, тамак-аш, жана күнүмдүк керектөөчү азыктарды таратып берип жатышат. Дал ушул багытта өзүнүн жаштыгына карабай, ишкерликте ийгиликке жетишкен Даниел Ажиев да кол куушуруп олтуруп албай, элге жардам берүүгө билек түрө киришкен. Анын демилгеси менен жети дубанга гум. жардам жиберүүгө белсенип турган. Анын алкагында Чүй облусунун тургундарына тамак-аш, күнүмдүк керектелүүчү заттар жана акчалай жардам таратылган. Эртең жактоочусу аркылуу жети облуска даярдалган жети фурадан турган гум жардамы жөнөтүлгөнү жатыптыр. Бул гум жардамдын ичинде карапайым калкка азык-түлүк, оорунун очогунда иштеп жаткан дарыгерлерге атайын экипировкаларды жана милиция кызматкерлерине да тиешелүү буюмдар бар. Тилекке каршы, “жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, ачуусуна чыдабай социалдык тармактар аркылуу элге жагымсыз ачуу сөздөрдү айтып алды. Антип ачуусун жашыра албай калганына анын мурунку туура эмес иштеген учуруна басым жасалып, дарегине карата ар-кандай сындардын айтылуусу себеп болуптур. Кыргызда айтылат эмеспи, жакшы болсоң да, жаман болсоң да көрө албайт деп. Анын сыңары бул жигиттин карапайым калктын башына кара булут айлангандагы кол сунганына ыраазы болгондун ордуна, аны боктогондорго жол болсун. Албетте, элге жакшылык кылайын деген ниетин, бурмалап жамандап жатып калса ким болбосун ызага батат да, туурабы? Анын үстүнө бул баланын саясатка же кандайдыр бир кызматка барайын деген ниети болсочу? Эч кандай жеке кызыкчылыкты көздөбөстөн жөн гана элге жардам берүү ниети болгонун өзү деле айтып чыкты го. Тескерисинче, айрым миллионерлерден айрымаланып, элибизге кол сунганына ырахмат деп койсок кантет? Мындай кырдаалда элге жардам берем деген ниети барларды, ким экенин териштирбей, колдоп алышыбыз кажет. Өзүбүздүн колдон келбесе, жок дегенде колунан келгендерди кубаттап койбойлубу? Ажиевдин кечээги сөгүнүп сүйлөгөн билдирүүсүнөн соң, ИИМ тарбанынан кармалганы белгилүү болду. Албетте, ИИМ профилактикалык иш жүргүзүшү керек, бирок ал жигиттин элге болгон ак ниетин, үй-бүлөлүк абалын эске алып, камабай койсо ашыкча болбойт эле? Анткени бул жигит жаштайынан атасыз өсүп, жокчулуктун азабын абдан тартыптыр. Жокчулукту жон териси менен сезген жигит чыйралып, өз күчү менен бутуна туруптур. Болду мен баймын деп жатып албастан, өзү көргөн жокчулукту башкалар көрбөсүн деген ниетте ар-дайым колунда жокторго жардам берип келет экен. Өзү ата мээримин көрбөй өсконүнөн улам, балдар үйүндө чоңойгон кызга баш кошуптур, аны бактылуу кылайын деген аруу тилек менен. Учурда эки жашы жете элек 2012-жылы жана 2015-жылы төрөлгөн балдары, пенсионер апасы жана мүмкүнчүлүгү чектелген карындашы бар экен. Үй-бүлөдөгү жалгыз ишке жарактуу Ажиев өзү экен. Жада калса улуу баласы да инвалид экен. Тагыраагы көзү сокур, сүйлөө речи жок, буту баспайт экен. Мынакей бул жигит жаштайынан жокчулук менен чоңойгону аз келгенсип, учурда инвалид уулунун, карындашынын ден-соолугу менен алпурушуп азаптуу күн кечирип жатканын карачы. Ага карабастан кыйын күндө элине кол сунганын туура баалайлы. “Күйгөндөн айтам бир сабак” демекчи, азаптуу күн кечирип жатканы аз келгенсип, соопчулук иш кылганын колдобой тилдегендерге, ызаланып жагымсыз сөздөрдү айтып жибергендир да, жаш жигит. Кандай болгон күндө дагы, кечиримдүү бололу.
Жети облуска төмөнкү гуманитардык жардам жиберилет.
На Юг

  1. 500 мешков муки на сумму 900.0
  2. 500 бутылок масла (5литров) 240.0
  3. 500 пачек макарон по 10 кг — 250.0
  4. 500 коробок чая -40.0
    Итого на сумму 1425.0 продкктов
    Расходы на Фуры 150.0 сом
    Расходы на грузчиков -25.0
    ВСЕГО 1600.0 сом

В Талас, Нарын, Иссык Куль

  1. 150 мешков муки на сумму 270.0
  2. 150 бутылок масла (5литров) 67.500
  3. 150 пачек макарон по 10 кг — 70.0
  4. 150 коробок чая -12.0
    Сумма каждого региона 420.0
    итого на сумму 1260.0 сом продукты
    Расходы на Фуры по 60.0 — 180.0
    ВСЕГО 1440.0

На Чуй

  1. 100 мешков муки на сумму 180.0
  2. 100 бутылок масла (5литров) — 46.0
  3. 100 пачек макарон по 10 кг — 48.0
  4. 100 коробок чая -9.0
  5. 100 пакетов по 5 кг Сахара — 33.0
    Итого на сумму 316.0
    Расходы на бусы 36.0 за три дня
    150.0 наличными деньгами розданы 7 семьям
    Итого 500.0

Бишкек:
Двум семьям по 25.0 сом -50.0
ИТОГО 3590.0 сом.
Потраченные деньги из 7 млн 3590.0 сом на продукты
На оставшиеся 3410.0 сом организовывалось закуп  многоразовых масок, респираторов и защитных костюмов для медиков.
Помимо этого с 28 марта 2020 года организована раздача еды (в кантейнерах, в наличии одноразовые тарелки, ложки и стаканы) для работников правоохранительных органов и медиков.
Меню:

  1. Плов
  2. Салат шакарап
  3. Хлеб
  4. Горячий чай
    Расходы составляют в день 40.0 сом

 
БУЛАК: РАКУРС.КЖ

Аргумент.kg