Даниэль Ажиев Талас облусуна 3,5 миллион сомдук кайрымдуулук жасады

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

2022-жылдын 3-декабрында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын Эл аралык күнүндө, Даниэль Ажиев Талас облусуна барып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектебиндегилерди жана Бакай-Ата карылар үйүндөгүлөрдү куттуктап келди. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп интернат мекемесинин кызматкерлери көңүлгө алууга тийиш болгон маселелерди Ажиевге айтып, көрсөтүп беришти. Жарактан чыккан 120 керебетти алмаштырып, аларга 120 матрас, жууркан жана шейшеп алыш керек болчу. Ошондой эле, 9 ойноочу бөлмөгө интернетке туташтырылган тогуз телевизор алуу муктаждыгы бар эле. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Бакай-Ата карылар үйү болсо, имараттын ичинде жайгаша турчу ажаткана жана душ бөлмөлөрүнө муктаж эле, анткени алар колдонууга жараксыз абалда болчу. Ашканада болсо, тамак-аш плитасынын бир бөлүгү иштебей, тамакты көчөдө казанда жасоого туура келген. 75 адам үчүн ашпозчулар күнүнө колго камыр жууруп жүрүшкөндүктөн, алар үчүн камыр жууручу машина өтө зарыл болчу. Мына ушул эң зарыл муктаждыктардын баарын ак ниеттүүлүк жана жагымдуу толкундануу менен Даниэль Ажиев 15 күндүн ичинде, 3 500 000 сомго камсыздап, мекемелердин жүгүн жеңилдетип бере алды.

Аргумент.kg