Дамирбек Асылбек уулунун сотунда казак прокурорлору иштин чоо-жайын айтышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Алматы шаарынын адистештирилген район аралык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу менен кошо кармалган 11 кишинин ишин карап жатат. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды.
Ишти судья Бахытхан Бакирбаев карап жатат, айыптоочунун милдетин прокурорлор Мырзагали жана Куракбаевдер аткарышууда.
Кабарчы маалымдагандай, прокурорлор айыптоо актысын окушту. Тергөөнүн версиясы боюнча айыпталуучулар бажыдагы көмүскө схемаларды колдонуу аркылуу Казакстандын жана Орусиянын аймагына аткезчилик товарларды ташып келүүгө тиешеси бар. Шектүүлөргө Чек ара кызматынын жана Бажы кызматынын кызматкерлери көмөктөшкөнү белгиленди.
Соттук отурумга соттолуучулардын жакындары, анын ичинде Асылбек уулунун да Кыргызстандан барган жакындары катышууда.
Жараян быйыл 19-октябрда башталды. Ал күнү мурдагы депутат кыргыз жараны экенин билдирип, Кыргызстанда соттоону суранганы айтылууда.
Быйыл февралда Казакстанда аткезчиликке шектүү катары кармалган 29 кишинин арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн айтып чыккан.
Булак: Азаттык 

Аргумент.kg