Дайынсыз жоголгон өспүрүм комада жаткан абалда жандандыруу бөлүмүндө табылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Дайынсыз жоголгон өспүрүм жандандыруу бөлүмүндө комада жаткан учурда табылды, аны унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Фейсбук баракчасына билдирди.

Маалым болгондой, өспүрүм 16-майга караган түнүн комадан чыкпай каза болду.

Эске сала кетсек, 15 жаштагы Талгат 12-майда дайынсыз жоголгон. Ал бир күндөн кийин табылган.

«15 жаштагы кыргызстандык Талгат кечинде сейилдегени чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Ага интеллекти бузулган ДЦП диагнозу коюлган. Бир сутка бою издешти. Аны комада жаткан абалда жандандыруу бөлүмүнөн табышкан. Өспүрүмдү унаа сүзүп кеткен. Талгат кечээ кечинде каза болду. Жаткан жери жайлуу болсун. Баардык туугандарына жана жакындарына көңүл айтабыз”,-деп жазды Ассоль Молдокматова.

Аргумент.kg