Дайынсыз болуп жаткан депутат Жамгырчиевдин кайда жүргөнү белгилүү болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бир канча күндөн бери кайда экени белгисиз болуп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин Москвада жүргөнү маалым болду. Бул тууралуу депутат Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

Анда эл өкүлү Эмил Жамгырчиев бүгүн, 12-декабрда Орусияда Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган турнирге барганы жана быйыл Эл аралык турнирдин ачылышында дипломдорду тапшырып, турнирди баштаганы жазылат.

Эске салсак, Жамгырчиев Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери өзбек тарапка өтүшүнө каршы добуш берген саналуу депутаттардын бири болгон. Аны 27-ноябрда УКМК аны Казакстанга өтүп баратканда чек арадан кармап, кайра коё берген.

Ал эми 1-декабрда УКМК ушул тапта депутаттын дайыны белгисиз экенин билдирген.

Аргумент.kg