Дайынсыз болуп жаткан Айтурган Бишкектин аянтында сейилдеп жүргөн
31-теке, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева
Дайынсыз болуп жаткан 21 жаштагы Айтурган Өмүрбекова табылды. Ал Ички иштер министрлигинин Күзөт кызматынын кызматкерлери тарабынан, 30-июль күнү Бишкектин Ала-Тоо борбордук аянтында сейилдеп жүргөн жеринен табылды.Бул тууралуу Элдик медиа билдирди
Өзүнүн айтымында, ал ата-энеси менен урушуп үйдөн чыгып кеткен.
Ош шаарында жашап жаткан Айтурган Өмүрбекова 5-июль күнү саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен. Ошол бойдон жүргөн жери белгисиз болчу.
Айтурган 5-июль күнү болжол менен саат 20:00дө үйдөн чыгып кетип кайтып келген эмес.