Дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Сабина Казакбаева табылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 13 жаштагы Сабина Казакбаева табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-апрелде Ж.В. аттуу жаран небереси Казакбаева Сабинаны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен милицияга кайрылган. Анын айтымында, небереси ошол эле күнү саат 12:00дөр чамасында Ош базарынын аймагында жоголуп кеткен.

Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жаранды издөө боюнча активдүү иш-чаралар жүргүзүлүп, издөө иштеринин жүрүшүндө кыз аман-эсен табылып, чоң энесине өткөрүлүп берилди.

Аргумент.kg