Баткен районундагы жаңжалда дайынсыз жоголгон «Бөрү» атайын отрядынын жоокери Жамал Тойчиев тирүү табылды. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы тастыктады.
«Бүгүн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик тарап Кыргызстанга өткөрүп берген аскер кызматкерлеринин арасында Жамал Тойчиев да бар», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору тажик тарап менен Камчыбек Ташиевдин укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында туткунга түшкөн Чек ара кызматынын төрт аскеринКыргызстанга өткөрүлүп берилгени кабарлаган.