Дайыма машинада, көчөдө сүйлөшөөр элек. Көрсө, үйдө жубайы бар тура

Дайыма машинада, көчөдө сүйлөшөөр элек. Көрсө, үйдө жубайы бар тура

21-бугу, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Бирөө менен көптөн бери сүйлөшүп жүргөм, менсиз жашай албасын айтып, «үйлөнөлү» дегенинен макул болгон эмесмин. «Азыр эрте» дечүмүн негедир.

Мен да аны катуу сүйөм. Көрсө, ал мени алдап жүрүптүр. Үй-бүлөсү, эки уулу бар экен. Азыр билдим. Денем муздап, тер чыгып кетти. Эмнеге буга чейин билбедим, сезбедим?

Дайым машинада, көчөдө сүйлөшөөр элек. Көрсө, үйүндө аялы бар үчүн ошентчү тура. Сагынып жаман болуп жатам. Эмне кылам? Болду, эми сүйлөшпөйм. Телефон номеримди, жашаган жеримдин баарын алмаштырам.

Ал азыр билбейт менин билгенимди. Айткан жокмун, унчукпай эле жок болуп кетүүнү чечтим. Мен аны ушунча катуу сүйөрүмдү билип, мени ойнотуп эле жургөн экенда. Жүрөгүм жаман болуп, күйүп жатам…

Кантип эсимден чыгарам? Суранам, сүйдүрүп эч кимди алдабагылачы?..

Булак: Азия News гезити