Дача-СУда авиакырсыктан көз жумгандар эскерилет

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктары эскерилет. Ага бийлик өкүлдөрү, кырсыктан жабыркагандар, маркумдардын жакындары катышат.
2017-жылы 16-январда түркиялык «Боинг-747-400» жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Авиа кырсык 39 кишинин өмүрүн алган. Анын 35и жергиликтүү тургундар, төртөө учак кызматкерлери. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган.
«Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.
Учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалардын табылганы көптөгөн суроолорду жараткан. Бирок «учактагы жүктүн ээси ким?» деген суроого ушу күнгө чейин жооп табыла элек.
Кырсыктан жабыркагандарга калктан да жардам чогултулган. 2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланып, ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу так маалымат берилген эмес.

Аргумент.kg