Анын айтымында, окуя ижарага берилген цирктин имаратында болгон.

“Казино табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөндө тиешелүү укук коргоо органдары тарабынан оюн-зоок столдору алып келинген. Учурда экспертиза жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгында аталган факты аныкталса, кылмыш иши козголот. Ошондой эле ижара келишими токтотулат”, — дейт ал.

Эскерте кетсек, интернет желесинде цирктин имаратынын бир бөлмөсүндө жашыруун оюн-зоок столдору тартылган видео тараган.