«Чыпалак баатыр»: “Гулнур Сатылганованы жакшы көрүп калдым”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Мен мындан ары Гулнур Сатылганова ырчы эжеми өтө сыйлап калдым. Ага башымды ийип таазим кыламын. Ал өнөрдү терең түшүнгөн, ар бир нерсени өз убагында так, туура сезип, баалай билген айым экен. Жүрөгү кыргыз деп соккон баатыр эжемди бир күнү үйгө чайга чакырып сыйлаймын”, -деген пикирин билдирди.

“Менин күчтүү экенимди, коркунучтуу трюктарымды эже тойлордо дагы байкап жүрөт. Мен да жакында болуп өткөн Казакстандагы “Талент шоуго” барып катышкан элем. Калыстар тобу мен жасаган трюктардан коркуп калыстык баа бере алышкан жок. Коркунучтуу трюктарды жасагандан өлсөм башында эле өлүп калмакмын. Анда мен жасаган трюктардан калыстар иттей корксо эмне үчүн биринчи турдан өткөрөт. 500дөй таланттуулардын арасынан 2 турдан суурулуп чыгып, финалга келгенде Ситора мага көзүн алайтып, Гүлнур Сатылганова эжебиздин “кнопкасын” басып коёт кыжырды келтирип. Ситорага иттей кыжырым келди, мен үчүн коркпой эле койсун”, -дейт Чыпалак баатыр.

Эске сала кетсек, Казакстандын “Хабар” телеканалы Central Asia’s Got Talent (Борбор Азия мыкты таланттууларды издейт) деген аталышта атайын шоу программасын алып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg