Чыңгыз Айдарбеков: Мен Kaktus.media, Kloop жана «Азаттыктын» жабылышына каршымын

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков үч көз карандысыз маалымат каражаттарынын – Kaktus.media, Kloop жана «Азаттыктын» жабылышына каршы.

Анын айтымында, Кыргызстандын эң чоң жетишкендиги – ачык коом жана сөз эркиндиги.

«ММК өкүлдөрү коомчулукка объективдүү маалыматтарды дайыма жеткирүүчү түз катышуучулар. ММКларсыз эркин коом иштей албайт. Ошондуктан алар коом үчүн позитивдүү роль ойношот. Мен бардык нерсе мыйзам чегинде чечилишин колдойм. Бул 30 жылдан берки жогорку жетишкендигибиз, аны биз сакташыбыз керек», — деди ал.

Эске салсак, 13-октябрда “Азаттыктын” редакциясынын имаратынын жанында үч көз карандысыз маалымат каражатын жабуу боюнча митинг өткөн. Бир күн мурун депутат Надира Нарматова кесиптештеринен кол топтогон. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 40ка жакын депутат колдогон. Бирок интернеттеги резонанстан кийин алардын айрымдары колдорун кайтарып алууну чечишти.

Ошол эле маалда Жанар Акаев, Балбак Түлөбаев жана Винера Раимбачаева Kaktus.media, Kloop жана «Азаттыкты» колдоп чыгышкан.

Аргумент.kg