Чынар Капарова: «Журналист жигит Зилалиевдин «ячейкасынан» эмес «яичкаларынан» табылган акчалар деди»
21-бештин айы, 2018-ж // //«»НУР» телеканалынын кулагына күмүш сырга! Кечээ жаңылыктардын кечки чыгарылышында алып баруучу жигит «Зилалиевдин яичкаларынан табылган акчалар» деп айтып жатты. Болгондо да «яичка» деген сөздү бир нече жолу кайталады. Ячейканы — яичка деп окудабу, же редактор ошентип жазып берди бекен?» -деп пост жазды.
Капарованын катталуучулары дароо пикирлерди жаадырышты. Көпчүлүк журналист жигитти катуу сынга алгандын ордуна баарын тамаша иретинде кабыл алып, тамаша чыны аралаш пикирлерди жазып калтыррышууда.
Эске салсак, Чынара Капарова өзү эфирде «туура эмес наам ыйгаргандыгы» тактап айтканда жаңылык учурунда өз сөзүн кошкондугу деген формулировка менен жумуштан кеткен. Кийинчерээк ал КТРКнын директору Илим Карыпбековду сотко берген. Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында соттон Капарова жеңип чыккандыгы белгилүү болгон.

Булак: Барометр