“Чычкак” атка конгон Жусупбек Коргонбай уулу көңүл чордонунда кала берди

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Учурда тескери мааниде таанылып, “лакапка” калуу бат эле. Жаңы жыл астында Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу “Акүйдүн туалетине кагаз койбоптур, ашканасында тамак жок” деп шакабада калды. Соцтармакта “Чычкак” деп ат коюшуп, ийлеп-ийлеп жазышты. Ошентип, дагы бир олдоксон, ойлонбой сүйлөгөн эл өкүлүн тааныдык. Эми анын мындан аркы сөздөрү да “хайп” болушу мүмкүн. Себеби, билими, тажрыйбасы жетишпесе, шакабачылар мындан ары оозунан эмне чыгарын аңдып турушат да. Баса, бир кезде Жусупбек Коргонбай уулу Ош аэропортунан уурдалган 13 миллион долларга шектелип, кылмышкерлерди көзөмөлдөдү беле? ЖМКларга жазылганы эсиңердеби? Бул боюнча сары изине түшүүгө мезгил келди окшойт…

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg