Чүйдүн Арашан айылында 4-класстагы кыз эки жыл зордукталып жүргөнбү? Кыздын ичи ооруп ооруканага түштү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында 4-класста окуган кыз эки жыл зордукталган. Бул тууралуу Бишкек24 медиа порталына аталган айылдын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, кызды тууганы зордуктап жүргөн. Кыздын ичи ооруп ооруканага алып барышканда, дарыгерлер милиция кызматкерлерине кабар беришкен.
“Бул үрөй учурган окуя жакында эле болду. Кыз ичим деп ыйлап ооруканага алып барышса, врачтар кыздын көп жылдан бери зордукталганын аныкташты. Учурда кичинекей кыз ооруканада. Айыл эли зордуктаган адамды көчүрүп жиберүү үчүн чогулуш өткөрөт элек. Бирок биздин айыл өкмөт экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын эч нерсе кыла албайбыз деп, бул ишти жаап жаашырууга аракет кылып жатышат”, – деп билдирди атын атагысы келбеген айылдын тургуну.

Алар өз кыздарынын келечеги үчүн коркуп, кошумча курстарга жибергенден чоочулап жаткандарын кошумчалашты.

Бул маселеге байланыштуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына байланышканыбызда, окуянын чоо-жайын тактап маалымат берүүнү убада кылышты.

Аргумент.kg