Чүйдө инспектордун погондорун жулуп салган жигит кармалды

Жайыл районунда милиция кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жаран кармалды. Бул тууралуу сайтка Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 26-августта Сосновка айылында кайгуул кызматкерлери кызматтык милдетин аткарып жаткан учурда мас абалда болушу мүмкүн деген айдоочу токтотулган. Анын унаасынланы жүргүнчү коомдук тартипти бузуп, укук коргоо органдарына тоскоолдук жаратып, инспекторлун погондорун жулуп салган.

Бул факты катталып, «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда 2000-жылы туулган К.С.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: Аргумент кж 

Аргумент.kg