Чүйдө чабандар ортосунда келишпестик болуп,бирине бычак сайылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусунда айылдашына бычак сайган деп шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-майда Чүй районунун аймактык ооруканасына бычактан жараат алган 37 жаштагы К.Э. аттуу жаран түшкөн.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, 17-майда К.Э. жана анын 38 жаштагы У.Б. аттуу айылдашы Көк-Жар жайлоосунда мал жайып жүргөн. Болжол менен саат 17:00до алардын ортосунда уруш чыгып, У.Б. айылдашы К.Эге бычак сайган. Жыйынтыгында жабырлануучу ооруканага түшкөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 38 жаштагы У.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда аталган иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg