
Чүйдө энесин сабап өлтүрүүгө шектелип уулу кармалды
24-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЧүйдө аял уулунун ур-токмогунан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-майда «102» номуруна Искра айылында 1955-жылы туулган аял өзүнүн үйүндө киши колдуу болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары маркумдун 1977-жылы туулган уулу кармалып, камакка алынган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал мас абалында энесин ур-токмокко алып, натыйжада аял каза болуп калган.