
Чүйдө 29 жаштагы Кишимжан 3 кыз жана 1 уулду жарыкка алып келди
10-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 10-февралда Чүй облустук төрөт үйүндө 4 эм төрөлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга КРдин президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштообаева билдирди.
Анын айтымында, эненин жана балдардын абалы жакшы. Ак халатчандардын көзөмөлүндө.
«Бишкек шаарынын Ак-Бата конушунун 29 жаштагы тургуну Кишимжан 3 кыз, 1 уулду жарыкка алып келди», — деди ал.
— Биринчи ымыркай кыз саат 09:45 чамасында төрөлдү, анын салмагы 2494 грамм, бою 48 сантиметр.
— Экинчи ымыркай кыз саат 09:46 чамасында төрөлдү, анын салмагы 2048 грамм, бою 46 сантиметр.
— Үчүнчү ымыркай кыз саат 09:47 чамасында төрөлдү, анын салмагы 2218 грамм, бою 46 сантиметр.
— Төртүнчү ымыркай уул саат 09:48 чамасында төрөлдү, анын салмагы 2432 грамм, бою 48 сантиметр.