Чүйдө 24 жаштагы келин асынып алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүйдө 24 жаштагы келин асылган абалда табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 19-сентябрь күнү Кемин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринде өз өмүрүн кыюу фактысы болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Алынган маалыматтын негизинде Кемин РИИБнин ыкчам тергөө тобу көрсөтүлгөн дарекке дароо чыгышкан. Окуя болгон үйдөн 1997-жылы туулган Н.М. аттуу жарандын жансыз денеси алынып, кароо учурунда анын дене жаракаттары байкалган эмес.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Анын алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалып, жыйынтыгы чыкканга чейин ар араптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Аргумент.kg