ЧҮЙ ОБЛУСУНДА КИЧИНЕКЕЙ КЫЗДАРДЫ УУРДООГО АРАКЕТ БОЛДУ

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Эркинсай айылында кыздарды уурдоо фактысы дагы деле текшерилүүдө. Бул тууралуу ОИИББдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ болжол менен саат 14:00дө РИИБга Эркинсай айылында белгисиз кишилер 2 жаш кызды уурдоого аракет кылды деген маалымат келип түшкөн. Милиция 2 кыздын өздүгүн тактап, ата-энелеринин көзүнчө суракка алышкан. Бирок алардын көрсөтмөлөрүндө айрым дал келбөөчүлүктөр бар.
Ошондой эле башка жергиликтүү тургундар суракка алынган. Алар айылдан чоочун унаа менен кишилерди көрбөгөнүн айтышууда.
Факт Кылымыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды-деп Факт.кж билдирди
https://youtu.be/pgD_UgWf0Zo
 

Аргумент.kg