Чүй облусунда 13 мектеп директоруна сөгүш берүү сунушу каралууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин катышуусунда Чүй облусундагы билим берүү маселелери боюнча көчмө коллегия өттү.
Маалыматка караганда , коллегия мүчөлөрү Чүй облусунун ЖРТга катышкан  жалпы бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин  канааттандыраарлык эмес деп ,бир катар райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат ордун кароо токтомун чыгарды.

Ошондой эле, Кемин, Москва райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына эскертүү жана Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнө сөгүш берүү каралууда.

Мугалимдерге сөгүш берүү сунушу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө  берилет.
Учурда,Чүй облусунун  13 мектебинин директорунун жоопкерчилиги каралууда.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg