ЧУБАК АЖЫ: “КЫТАЙДА МИҢ АДАМ КАКАП ДЕЛЕ ӨЛҮП КАЛАТ, КОРОНАВИРУС ЖАСАЛМА ООРУ”

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандагы белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалилов дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус оорусу тууралуу айтты. “Коранавирус атайын чыгарылган вирус. Анын дарысы да бар. Кытайда миң адам какап деле өлүп калат. “Ажал келсе буламыктан тиш сынат, кыламыктан бут сынат” дегендей, миң адамга мен таңгалбайм деле. Эгерде 1-5 млн. адам өлүп калса ойлонсок болмок.  Бул атайын жасалма оору. Ансыз деле ушунча адам аларда каза болуп турат. Бишкек шаарында күнүгө 30 адам каза болот экен. Милларддаган кытайдан миң адамдын каза болгону болбогон сөз. Кытай өзүнүн экономикасын бекемдеп алуу иши болду”-АзияНьюс гезити жазып чыкты.

Аргумент.kg