Чоң-Алайда аткаминерлер дээрлик 8 миллион сомду мыйзамсыз жумшап ийишкен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чоң-Алай районунун айыл өкмөттөрүнүн бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына тыкыр текшерүү жүргүзгөн аудиттин жыйынтыгына үңүлсөк, 7 миллион 893,5 миң сомдук каржы бузуулар аныкталды. Бул тууралуу КР Эсептөө палатасынан редакциябызга кабарлашты.
 Маалыматка таянсак, Чоң-Алай башкармалыгы, “Чоң-Алай”, “Жекенди”, “Кашка-Суу” айыл өкмөттөрү жана Чоң-Алай районундагы аймактарды өнүктүрүү фонду тыкыр текшерилди. Ошентип, жалпы каржы бузууларынын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги — 53,5 миң сом, эмгек акыларды негизсиз төлөө — 107,1 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу — 4 миллион 822,5 миң сом, мунун арасынан: командировкалык чыгымдарды ашыкча төлөө — 85,7 миң сом, монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын атайылап жогорулатуу 2 миллион 221,0 миң сом, мамлекеттик каражаттардын максатсыз пайдаланылышы — 439 миң сом, дебитордук жана жашырылган насыялык карызды эсепке алууну жашыруулар — 117,5 миң сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун кирешесине кошумча кошуп эсептелгендер — 43,3 миң сом.
Ошентип, каржы бузууларынын жалпы суммасынын ичинен 7 миллион 786,4 миң сом сөзсүз түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш. Аудиттин жүрүшүндө эле 651,6 миң сом мамлекет пайдасына дароо өндүрүлдү. Мындан тышкары 384,5 миң сомдук бюджеттеги резервдер жана жоготуулар аныкталды. Ошондой эле электр энергиясын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды ченемден ашыкча пайдалануу дагы ырасталды.
Соңунда материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу боюнча, ошондой эле курулуш монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын жогорулатуу боюнча материалдарга укуктук баа берүү максатында укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.

Булак: “Майдан kg” 

Аргумент.kg