Чолпонбек Абыкеев сыяктуулардан арылбаса, бийликтин иши оңолбойт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев өткөн жумада “Азаттыктан” казак бийлигин сындап, 20-30 жыл артка калып калганын, Токаевдин кланынан тазаланмайынча эл тынчыбай турганын “балп” эттирди. Абыкеев бийликтин расмий өкүлү болуп туруп, казак бийлиги менен мамилени жакшыртуунун ордуна тескери сүйлөп атса, кандай кабыл алабыз? Дөөпөрөстүкпү? Эки мамлекеттин ортосуна от жаккандай ажырым салганы акылсыздык эмеспи? Көчөдөгү адамдай ойду-келди оозана бергени кечиримсиз. Президенттин администрациясы буга эмне дейт? Анан калса, ал берүүдө Мадумаровго каршы Абыкеев ынанымдуу ой-пикирин айта албай, жалтактаганы айрым таасирдүү адамдарга жакпай калыптыр. “Өңдү көрсө жүз таят” дегендей. Бийликтин позициясын коргой албаса, колдобосо, эмнеге президенттин кеңешчиси катары айлык алып, жыргап жүрөт? Дал ушул сыяктуулардан Садыр Жапаров тазаланбаса, акыр түбү жакшылыкка алып барбайт. Азыр да кеч эмес. Жамандыктын жышаанындай сезилип калды го?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg