Чолпонбек Абыкеев: «Шайлоо таза өттү, аны эл көрүп турат»

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кандай болгон күндө да шайлоо таза өттү. Муну эл көрүп турат, деп билдирди президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев «Биринчи радионун» эфиринде.

«БШКнын катасы көз жаздымда калбайт. Бүгүн биз шайлоо процессин аягына чыгарышыбыз керек. Эгерде БШКнын мүчөлөрүн кетирсек, анда муну кыла албайбыз», — деди ал.

Абыкеев БШКнын сайтындагы маалыматтарды көрсөтүү таблицасынын бузулушун шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган ката эмес деп атады.

«Кол менен эсептөө аяктады, протоколдор серверге жүктөлүп жатат, дагы бир-эки күн талап кылынат. AЭC менен айырма аз эле», — деди ал.

28-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Шайлоо күнү БШКнын сайтындагы маалыматтарды көрсөтүү таблицасында ката кеткен.

Аргумент.kg